Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

А.Абдырасулова: Кыргызстанда басма сөз эркиндиги чектелүү


Өзгөчө журналисттердин укуктары өтө чектелип, тебеленип жатат. Бул тууралуу “Кылым шамы” укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Укук коргоочу буга мисал катары журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлүшүн, бир катар журналисттердин сабалышын, айрымдарынын чет өлкөлөргө саясий баш паанек издеп кеткенин атады. “Жакында “Дело№” гезитинин кабарчысы Вадим Ночевкиндин Улуттук коопсуздук кызматына чакырылышы бир гана журналисттер эле эмес, эркин ой жүгүртүүгө болгон адам укуктары дагы кылмыш катары эсептелип калуу коркунучуна келип калды”,- дейт Абдырасулова. (AJ)

XS
SM
MD
LG