Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Барскоон ашуусунда авто унаа кулап, 9 тонна селитра жерге чачылды


7-ноябрда саат 17:27 де “Кумтөр” компаниясынын “МАК” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаасы 17 тонна (селитра) жер семирткич менен “Кумтөрдүн” көзөмөл пунктунан 48 чакырым алыстыкта Барскоон ашуусунда баратып, чиркегичи (трейлер) оң капталына кулаган. Натыйжада 9 тонна селитра жолго чачылган. Автоунаа менен айдоочу жабыр тарткан эмес. Буга жолдун тайгактыгы себеп болгон. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, “Кумтөрдүн” кызматы бул кабарды саат 17:30да угуп, адисттер кырсык болгон жерге барышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын тиешелүү органдарына кабарлашкан. Компаниянын адистери 8-ноябрда эртең менен саат 7:32 де кырсыктын кесепеттерин жоюп, жолго чачылган селитраны тазалашкан. “Кумтөр” кенинде селитра өндүрүштө дагы айыл чарбада колдонгондой эле жер семирткич катары пайдаланылат, деп айтылат маалыматта. (AJ)

XS
SM
MD
LG