Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Акыйкатчынын Оштогу кызматкерлери Турсунбек Акунду сотко беришти


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган Худаяр Нарматовдун айтымында, аны жана кесиптештери Юруслан Истановду, Темир Бегматовду акыйкатчы Турсунбек Акун уулу «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамды жана Эмгек Кодексин одоно бузуу менен жумушунан жүйөөсүз бошоткон. Үчөөнүн Президентке, ошондой эле Жогорку Кеңешке кайрылуусунан майнап чыкпаган соң, эми алар сотко кайрылууга аргасыз болушту. Акыйкатчы институтунун Оштогу өкүлчүлүгү мурдагы үч кызматкеринин сотко даттануусу жарандык укугу экендигин белгилеп, фактыны комментарийлөөдөн баш тартты. (ATo)

XS
SM
MD
LG