Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Өзбекстандык журналист Хьюман Райтс Уоч уюмунун эрдик үчүн сыйлыгын алды


Өзбекстандык журналист жана укук коргоочу активист Умида Ниязова Хьюман Райтс Уоч уюмунун эрдик үчүн сыйлыгын алды. Сыйлык жума күнү Нью-Йорк шаарында тапшырылды. 32 жаштагы журналист Эркин Европа/Азаттык радиосу, башка бир катар маалымат каражаттары үчүн жазып келген. Ниязова былтыр январда камакка алынып, 4 ай түрмөдө отуруп чыккан. Бир катар укук коргоочулар ага тагылган айыптын саясий жүйөөсү бар деп эспетешет. Журналисттин айтымында, ал күнөөсүн моюнга алууга жана Хьюман Райтс Уюч менен кызматташуудан баш тартууга мажбур болгон. Ниязова ушу тапта Германияда жашайт.

XS
SM
MD
LG