Бул тууралуу өлкөнүн өкмөт башчысы Лоуренс Кэннон билдирди. Бул кадам АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманын Ооганстандагы терроризмге каршы күрөшүүдө эларалык коомчулуктун аракеттерин күчөтүү чакырыктарына карабай жасалмакчы. Ооганстанда учурда канадалык 2 жарым миңдей жоокер кызмат өтөөдө. 2002-жылдан бери ал жерде Канаданын 97 аскери ажал тапты.