Барак Обама январда президенттик кызматка киришээри менен дароо өзгөртүүлөрдү ишке ашырууну баштамакчы. Бул тууралуу анын жардамчыларынын бири Жон Подеста билдирди. Анын айтымында, Обама президент Буштун сөңгөк клеткаларын изилдөөгө салган тыюуусун жокко чыгарып, мунай өндүрүү саясатын өзгөртүшү ыктымал. Бүгүн кечинде Обама шайлоодон кийин алгачкы ирет президент Буш менен Ак-Үйдө жолугушмакчы.