Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Райондор аралык сот Билим министрлигине каршы арызды карайт


Бишкектеги райондор аралык сот Нурбек Токтакуновдун экинчи арызын караганы жатат. Арыз 2004-жылы түзүлгөн жакырчылыкты кыскартуу боюнча борбордоштурулган фонддун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алуу максатын көздөйт. Токтакунов тараткан маалыматка караганда, мурдагы арыздын негизинде чыккан сот чечимине ылайык министрлик фонд аркылуу бюджеттен 2006-2007-жылдары мектептерге утурумдук жана негиздүү ремонттор, компьютердик жабдуулар жана башка чыгымдар үчүн жалпысынан 419 миллиондон ашык сом алгандыгын маалымдаган. Ошол эле мезгилде арыздануучу тарапка министрлик ремонттолгон жана жабдылган мектептерди көрсөтө элек. “Мен бюджеттен фонд аркылуу алынган каражат кандай пайдаланылгандыгын билгим келет” дейт Токтакунов. Анын айтымында аталган фонд Кумтөр-Центерра компаниясынын акцияларынын эсебинен түзүлгөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG