Брюсселде өткөн Евробиримдиктин тышкы иштер министрилеринин жыйынында мына ушундай бүтүм чыгарылды. Бул чечимге биримдикке кирген өлкөлөрдөн Литва кошулган жок. Сүйлөшүүлөр качан башталаары али белгисиз. Москванын Грузияга басып киришинен кийин тараптар ортосундагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр токтотулган эле.
Еврокомиссиянын өкүлү Бенита Ферреро-Вальднер айым, Грузия аймагынын бүтүндүгү маселеси боюнча Евробиримдик өз позициясын өзгөрткөн жок деп эскертти.