Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:07

Өкмөт акы төлөп жүрүүчү авто жолдорду куруу керек деп эсептейт


Премьер-министр Игорь Чудинов өкмөттүн “Акы төлөөчү автомобилдик жолдор” жөнүндө мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратты. Анда Кыргызстандын аймагында акы төлөөчү автожолдордун укуктук негиздери, жаңы жолдорду курууну уюштуруу, көпүрөлөрдүн курулушу жана акы төлөөчү жолдорду пайдалануу, аларды башкаруунун эрежелери көрсөтүлгөн. Долбоордо өлкөдөгү жолдордун азыркы талапка жооп бербегенине байланыштуу жолдорду куруу, аны кармап туруу үчүн жеке капиталды тартуу, соңунда автожолдорду башкарган мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү маселеси каралган. Аталган мыйзам долбоору эми парламенттин кароосуна жөнөтүлөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG