Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

И.Кадырбековго байланыштуу сот жараяны 17-ноябрда улантылат


Сот болгонго чейин мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков №1 убактылуу кармоочу жайда мыйзамсыз камалып турат, деп билдирди Акыйкатчы Турсунбек Акун бүгүнкү маалымат жыйынында. Анын айтымында, Кадырбековду камоо боюнча соттун чечиминин мөөнөтү 26-октярда бүткөндүгүнө байланыштуу аны токтоосуз бошотуу боюнча башкы прокуратурага, Адилет министрлигине Акыйкатчы институтунун атынан кайрылуу кат жолдонду. Ал ошондой эле №1 убактылуу кармоочу жайда 59 адам мыйзамсыз кармалганын кошумчалады. “Буга байланыштуу Акыйкатчы институту бардык убактылуу кармоочу жайларга байкоо (мониторинг) жүргүзөт”,- деди Турсунбек Акун. Ал эми башкы прокурордун орун басары Кубанычбек Асангелдиев болсо И.Кадырбековго байланыштуу иш мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG