Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Өлкө ичинде реалдуу экономикалык коркунуч жок


Бул тууралуу экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, экономикалык оорчулук бизге Орусия, Казакстан аркылуу тийиши мүмкүн. “Кыргызстанда фондулук биржа жакшы өнүкпөгөндүктөн дүйнөлүк каржы кризиси өтө таасир бербеши ыктымал. Түздөн-түз банк секторуна коркунуч жок. Банктар кредит берүүсүн улантууда”, - деди Акылбек Жапаров. Ал буга чейин маалымат каражаттарына Кыргызстанда каржылык кризис февраль-март айында болушу күтүлөөрүн, анын капсалаңынан банктан кредит алган жана депозит салган эл 15,7 млрд сомго күйүшү ыктымалдыгын айткан. Бул айткандарын А.Жапаров журналисттердин туура эмес түшүнүп калганынын улам тараган маалымат катары эсептей турганын кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG