Талас шаарында өтүүчү бул жыйында Кыргызстандагы саясий, социалдык-экономикалык абал, кыймылдын жетекчи органдарын шайлоо маселеси каралмакчы. Ошондой эле аталган кыймыл өлкө атуулдарына Таласта 18-ноябрда өтүүчү жалпы улуттук жыйынга катышууга чакырык таштады. Бул тууралуу аталган кыймылдын демилге тобу маалымат таратты. Элдик кыймылдын демилгечилери: Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Анвар Артыков, Рамазан Дырылдаев, Роза Нурматова, Эркин Бөлөкбаев. Буга чейин Элдик кыймыл президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү маселесин көтөрүп чыкканы белгилүү. (AJ)