Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:57

Эки депутат батирге берилүүчү акчаны алуудан баш тартты


Жогорку Кеңештеги "Ак жол" фракциясынын депутаты Санжарбек Кыдыралиев менен Жалолиддин Салоухиддинов парламенттен депутаттарга батирге төлөнүүчү каражаттан баш тартканы тууралуу Этика жана регламент комитетине кат түрүндө кайрылышты. Жалпысынан отузга чукул депутат батирге айына 300 доллардан 500 долларга чейин мамлекеттен каражат алып турушкан. Батирге берилүүчү акчаны депутаттар Юрий Данилов, Ибрагим Жунусов, Асылбек Жээнбеков жана башкалар алышат экен. Бул маселени СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева Этика жана регламент комитетинде бүгүн көтөрүп чыгып, бардар депутаттарды батирге берилүүчү акчадан баш тартууга чакырды. (AJ)

XS
SM
MD
LG