Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулунун дин маселелерин талкуулаган кечээки тегерек үстөлдө билдиргенине караганда, диний конфессиялардын ортосундагы билим берүү, жаштарды тарбиялоо жаатындагы өз ара ийгиликтүү аракеттери диний экстремизмге каршы туруунун натыйжалуу жолу болмок. Мамкатчы өз сөзүндө дин менен маданият ортосундагы мамилени колдоонун аздыгы калктын башка диндерге сабырдуу мамилесин төмөндөтүүгө алып келүүдө деп билдирди. (BuS)