Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Энергетиканы үнөмдөбөсөк, жазында кризис болот


11-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында 9 млрд 307 млн куб метр суу бар. Өткөн жылы ушул мезгилде 13 млрд 059 млн болчу. Бул тууралуу энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков парламентте билдирди. Анын айтуусунда 1-ноябрдан тартып берилген жылуулук да электр энергиясын колдонуунун азайышын камсыздай алган жок. Он күн ичинде жалпы республика боюнча 26 млн кВт саат электр энергиясы берилген чектен ашыкча колдонулган. Биз жок дегенде жаз айларына жетүү үчүн электр энергиясын лимиттен чыкпай колдонууга тийишпиз. Ошондуктан, азыр бөлүнгөн чектен ашып кеткен райондордун электр жарыгы өчүрүлөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG