Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу талкууланат


Буга байланыштуу расмий иш сапар менен бүгүн КР тышкы иштер министри Эднан Карабаев Кытайдын борбору Пекинге барат. Министр жетектеген делегациянын курамында “Кыргыз темир жолдору” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү да кирген. Иш сапар учурунда тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу тууралуу кеп кылышмакчы. ТИМ басма сөз кызматынын маалыматы боюнча аталган темир жолдун курулушуна 2 млрд доллардан ашуун каражат сарпталат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG