Орусиянын Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугу тарабынан Урал жана Сибирь федералдык аймактарындагы кыргыз диаспораларынан 395 900 рубль жыйналган. Бул жергиликтүү валютага которгондо жарым млн сомдон көбүрөөк болот. Жыйналган каражат Алай районундагы зилзаладан жабыркаган Нура айлынын тургундарына берилмекчи. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.(ZKo)