Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Балкыбеков мыкты энергетик, бирок начар министр


Энергетика өнөр жай жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековго мындай бааны Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов “Ак жол” фракциясынын жыйынында энергетика маселесин талкуулап жаткан учурда билдирди. У.Ормоновдун айтымында, министрликте көзөмөл жок жана мыйзамды, тапшырманы аткарбаган кызматкерлердин бири да жоопко тартылган эмес. “Министр ноябрь айында жарыкты маал-маалы менен өчүрүү токтотулат деп маалымат берген. Бирок азыр айылдарда жана жаңы конуштарда өчүрүү кайрадан улантылып жатат. Министр ушул маалыматы үчүн жооп берип, кызматынан кетиши керек”,- дейт У.Ормонов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG