Мечиттерге жана жума намазга баруу үчүн мектеп окуучулары сабакты калтыруусу туура эмес, ошондуктан алар сабакка баруусу керек. Мындай чечим бүгүн Өзгөн райондук администрациясында радикалдуу диний агымдардын таасиринин жана диний чатактардын алдын алуу максатында бүгүн болгон кеңири жыйында кабыл алынды. Жыйынга райондук жетекчиликтин, жергиликтүү калктын, ИИМ өкүлдөрү, Ош университетинин теология факультетинин окутуучулары, мечиттердин имамдары, ишкерлер жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары катышты. Анда ар кандай радикалдуу максаттагы диний агымдардын терс таасири тууралуу сөз болуп, жыйындын катышуучулары диний экстремизмдин алдын алуу үчүн ар тараптуу кызматташууну чечишти. Бул кабар Өзгөн райондук акимчилигинен алынды. (ZKo)