КР сот акыйкаттыгы боюнча Улуттук кеңешинин Москва райондук сотунун судьясы Марат Кубатбековду жана Кара-Көл шаардык сотунун төрагасы Болот Момбековду кылмыш жообуна тартуу тууралуу чечимине байланыштуу Президент Курманбек Бакиев өз жардыгы менен кызматтан бошотту. Москва райондук сотунун судьясы Маратбек Кубатбековго пара талап кылган, ал эми Кара-Көл шаардык сотунун төрагасы Болот Момбековго кызмат абалынан ашыра пайдаланган, деген айып менен Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон эле.(ZKo)