Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Революциялык кыймылдын жыйын өткөрүүсүнө уруксат берилди


Революциялык кыймылдын төрагасы Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча кыймылдын I Улуттук Элдик жыйынын Талас шаарындагы стадиондо өткөрүүгө расмий уруксатты Талас шаардык мэриясы жана Талас облустук администрациясы берген. Революциялык кыймылдын Элдик жыйыны 18-ноябрда болот. Анда Кыргызстандагы саясий-социалдык-экономикалык абал тууралуу маселе козголуп, кыймылдын жетекчи органдары шайланмакчы.

Революциялык кыймыл президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүүнү көздөйт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG