Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:49

Кумтөр алтын кени Кыргызстандын экологиясына өтө чоң зыян келтирүүдө


Мындай маалыматты бүгүн ЖК социал-демократтар фракциясынын отурумунда “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева билдирди. Анын айтуусунда алтын кенин иштетүүдөн улам Петров мөңгүсү өтө ылдамдык менен эрип, ушундай эле аталыштагы Петров көлүнүн көбөйүүсүнө алып келүүдө. Аталган көл 20-кылымдардын башында болгону 20 гектар жерди ээлесе, азыр 380 чакырымга жеткен. Бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү үч жыл ичинде көлдүн жээги 9,2 гектарга чоңоюп, тереңдиги он үч жыл ичинде 21 метрден 70 метрге чейин жеткендигин байкашкан. Эркингүл Иманкожоеванын маалыматы боюнча Петров көлү жалаң мөңгүлөргө кармалып турат, муздун эрүүсү менен көл жайылып кетсе Кумтөр алтын кенинин уулуу зат калдыктары сакталган жерди толугу менен жууп кетет. Бул болсо Нарын суусу аркылуу Кыргызстанга гана эмес, жалпы Борбор Азиянын экологиясына зыянын тийгизет, деп билдирди “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси. ЖК социал-демократтар фракциясы бул маселени жалпы парламенттин кароосуна алып чыгып, өкмөт мүчөлөрүнүн, адис окумуштуулардын катышуусу менен талкуулоону сунуш кылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG