Орусиянын президенти Дмитрий Медведев президенттик мөөнөтү узартууну караган мыйзам долбоорун Мамлекеттик думанын кароосуна жөнөттү.Ал эми Премьер-министр Путиндин болсо президент Медведевдин ыйгарым укуктарды узартуу жөнүндөгү сунушун колдоду. Президенттин ыйгарым укугунун мөөнөтүн төрт жылдан алты жылга узартуу жөнүндөгү сунушун Дмитрий Медведев калкка 5-ноябрь күнү жарыялаган. Медведев ошондой эле Мамлекеттик думанын да кызмат мөөнөтүн төрт жылдан беш жылга көтөрүүнү сунуш кылды. Кремлдин түшүндүрмөсүнө караганда, президенттин да, Мамлекеттик думанын да азыркы мөөнөттөрү узартылбайт.