Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери улантылып жатат


30-сентябрдан бери дайынсыз жок болуп жаткан депутат Руслан Шаботоевди издөөгө 277 коомдук түзүлүшү, 34 атчандар отряды тартылган. Бишкек жана Чүй областы боюнча миңдеген үйлөр, жүздөгөн мейманканалар, автоунаа оңдоочу жайлар, кароосуз калган имараттар, дачалык участоктор, көлмөлөр иликтенген. Мындай маалыматты ички иштер министри Молдомуса Конгантиев парламентте билдирди. Ошондой эле 24-сентябрдан бери жок болуп жаткан ишкер, депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бахтияр Амиражановду издөө иштери боюнча да маалымат берип, иликтөө иштери оңдуу натыйжа берилбегендигин айтты министр. Анын сөзү боюнча октябрь айында Бишкектин “Чыгыш-5” кичирайонунан табылган ишкердин автоунаасын экспертиздана өткөрүү учурунда да шектүү эч нерсе аныкталган эмес, автоунаадан алынган манжалардын издери Бахтияр Амиражановдун өзүнө тиешелүү болуусу ыктымал.(ZKo)

XS
SM
MD
LG