Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Жаш режиссерлордун тасмалары көрсөтүлөт

15-ноябрдан тарта Бишкекте жаш кинорежиссерлордун тасмаларынын фестивалы башталат. Анда белгилүү киночу Эрнст Абдыжапаровдон сабак алган кыргызстандык жаштар менен Иран менен Азербайжандын жаш киночулардын эмгектери көрсөтүлөт. Иш-чаранын соңунда алгачкы кыргыз кино изилдөөчүсү Каарман Ашымовду эскерүү кечеси өтөт. Фестивалды Кыргызстандагы кызматташуу боюнча Швейцария уюму уюштурууда. Бул тууралуу аталган уюмдан билдиришти. (AiJu)

XS
SM
MD
LG