Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Мекенине кайтып келген мигранттар маселеси талкууланды


Өз жерине кайтып келген мигранттардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу маселесине арналган талкуу кечээ Бишкекте жыйынтыкталды. Иш чарага мамлекеттик кызматкерлер, бейөкмөт уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, өз жерине кайтып келген эмгек мигранттары катышкан. Жыйында чет жактарда иштеп келген замандаштарга бизнес ачуу, ыңгайлуу шарттарда насыя алуу боюнча жардам берүү маселеси каралды. Ошондой эле кош жарандуулук, жумушсуздук, мигранттардын турак-жайга ээ болушу өңдүү көп маселелер талкууланды. Иш чараны “Эмгек мигранттарына көмөк көрсөтүү борбору” уюштурган. Мындай иш чаралар эми өлкөнүн бардык облустарында өкөрүлмөкчү.(AiJu)

XS
SM
MD
LG