Бул тууралуу «Акыйкат үчүн” кыймылынын Баткен облусундагы бөлүм башчысы Бакир Имаров 13-ноябрь күнү «Азаттыкка» билдирди. Аталган кыймылдын бүгүн болуп өткөн облустук жыйынында 29-ноябрда Бишкекте өтүүчү оппозициялык күчтөрдүн республикалык курултайына дубандагы коомчулук өкүлдөрүнөн 16 делегат шайланды. Жыйында курултайдын максаттары тууралуу «Ата мекен» саясий партиясынын Баткен облусу боюнча кеңешчиси Ташполот Балтабев маалымат берди.((JA)