Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

ЖК төрагасы Айтибай Тагаев депутаттарды бөлүнбөй ынтымакта иштөөгө чакырды


Төрага бул сөзүн суу маселесин иликтөө боюнча түзүлүп жаткан комиссиянын курамын түзүүдөгү талаш-тартыш пикирлерден кийин билдирди. Фракциялардын өкүлдөрү ар кандай комиссия түзүү учурунда башкаларды калтырып койгон учурлар болуп жаткандыгын айтып, нааразылыгын билдиришти. “Түрдүү багыттагы комиссия түзүлгөн учурда башка фракциялардын өкүлдөрүн да эстеп, кошо жүрсөңүздөр,” деп өтүндү социал-демократ фракциясынын мүчөсү Асылбек Жээнбеков. Ал эми айрым акжолчу депутаттар социал-демократ кесиптештерин “бөлүнүүнү силер баштадыңар” деп айыпташты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG