Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук онкология борборунун директору, профессор Рысбек Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, бийик деңгээлдеги радиация рак илдетинин пайда болуусун шарттайт. Кыргызстанда Майлы-Суу шаарында, Кадамжайда аталган көрсөткүч жогору. Ал эми рак оорусуна чалдыккандардын саны азайып же көбөйүп жатканын билүү мүмкүн эмес. Анткени оорулуулардын баары эле доктурга кайрыла беришпейт. (AiJu)