Насыя Казакстан байыркы Жибек жолунун өз аймагындагы бөлүгүн оңдоп-түзөө иштерин аягына чыгаруусу үчүн ажыратылат. Казакстандын Кытай менен чек арасынан башталып, Алматы жана Чымкент аркылуу өтүп, орус-казак чек арасына чейинки жолдун узундугу 2715 чакырым. Курулуш иштери келерки жылы башталуусу керек. Азия өнүгүү банкы байыркы Жибек жолунун заманбап шартка ылайыкташып, калыбына келүүсү 2030-жылга карата аймактагы соода-сатыкты 60%дан ашуунга көбөйтөт деп божомолдойт. Бул багыттагы долбоорлорго Ислам өнүгүү банкы 414, Жапониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги 150 миллион доллар ажыратууну убада кылышкан.