Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Азиянын баалуу кагаздары жана мунай арзандоодо


Эл аралык базарлардагы бүгүнкү соодада кара майдын бир баррели 55 доллардын тегерегине түштү. Бул - акыркы 22 ай ичиндеги эң арзан баа. Ал эми Жапония, Түштүк Корея, Гонконгдо бүгүн биржалык индекстер 5-7%га чейин ылдыйлады. Мунун алдында, Кошмо Штаттарда өлкөнүн каржы министри Генри Полсон өкмөттүн 700 миллиард доллардык куткаруу планынын алкагында ажыратылуучу акча, ипотекалык кредиттер боюнча карыздарды эмес, анын ордуна кыйналып жаткан банктардын акцияларын сатып алууга жумшаларын билдиргенден кийин негизги биржалык индекс Доу Жонс 4,7%га төмөндөгөн болчу. Бул аралыкта АКШда азыр Конгрессти көзөмөлдөп калган Демократиялык партиянын саясатчылары ошол 700 миллиард акчанын 25 миллиард долларында автомобиль өндүрүүчү ишканаларга берүү планынын жарыялады. Мунун ордуна өкмөт алардын акцияларын алуусу керек. Автомобиль өндүрүүчү ишканалар азыр оор абалда.

XS
SM
MD
LG