Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

АКШнын коргоо министри Орусиянын кысымын четке какты


Роберт Гейтс Орусия АКШ ракетадан коргонуу системасынын бөлүктөрүн Чыгыш Европада жайгаштыруу планынан баш тартуусу үчүн көргөзүп жаткан кысымды четке какты. Ал бүгүн Таллинде, НАТО менен Украинанын кеңешмесинен кийинки маалымат жыйынында сүйлөгөн учурунда орус тараптын коркутуусун "зарылчылыгы жок жана жаңылыштык" деп атады. Анткен менен АКШ коргоо министри Вашингтон Орусия менен жакшы жана конструктивдүү алакада болуу аракетин улантарын кошумчалады. Орусия АКШнын ракетадан коргонуу боюнча системасынын жабдууларын Польша менен Чехияда жайгаштыруу планына жооп чара катары Калининград облусунда "Искандер" ракеталарын орноторун президент Дмитрий Медведев өткөн аптада жарыялаган. Ал эми француз маалымат караражаттары бүгүн жарыялаган интервьюсунда Медведев эгер шайланган президент Барак Обама АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Борбордук Европада жайгаштыруу планын өзгөртсө, Орусия Польша менен чектеш Калининград облусуна ракеталарды орнотуу планын токтото аларын айткан.

XS
SM
MD
LG