Бул тууралуу АКШнын коргоо Министри Роберт Гейтс Таллинде өткөн НАТО-Украина жыйынынан кийин билдирди. Анын айтымында расмий Москванын жооп кайтаруу чараларын көрүүгө ишаарасы “негизсиз жана туура эмес”. Өткөн аптада Орусиянын президенти Дмитрий Медведев АКШ Чехиянын аймагында радар орното турган болсо, анда Орусия Калининград аймагында “Искендер” ракеталык комплексин жооп кылып жайгаштыраарын эскерткен болчу.