Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Эки жылда 8 жаран өлкөдөн чыгууга мажбур болгон


Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын 60 жылдык мааракесин белгилөө алдында “Кылым шамы”, “Атуулдук коом демократия үчүн”, “Элиме”, “Психикалык саламаттык жана коом” уюмдары президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошуп, өлкөдө адам укуктарына болгон мамиле начарлап кеткенин билдиришкен. Алардын маалыматы боюнча, кийинки эки жыл аралыгында эле кыргызстандык 9 жаран өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Алар: Кайрат Биримкулов - УТРКнын журналисти, Кыргыз темир жолу боюнча жазган макаласы үчүн тепкиге алынып, коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болгон. 2007-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Жалын Маматказиев – “Канжар” жаштар кыймылынын лидери. Апрель митингисине катышкандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, куугунтукка алынганда үй-бүлөсү менен 2007-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Улугбек Осмонов – Эколог-укук коргоочу. 2007-жылы премьер-министр “Жер үй”, “Андаш” алтын кенин кыдырып барганда, аны таш бараңга алган делип кылмыш иши козголуп, куугунтукка алынганда үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Лира Тантабаева – “Аялзат” уюмунун лидери. Ал "Жер үйгө" байланыштуу митингде өкмөт башчыга таш ыргыткан делип айып тагылганда 2007-жылы өлкөдөн кетүүгө мажбур болгон.

Жумакеев Шумкарбек – Айыл өкмөттүн мурдагы башчысы. “Жер үй”, “Андаш” алтын кен комбинаттарына байланыштуу митингке катыштыгы бар делип куугунтукка алынып, 2007-жылы өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Азимкан Жунушалиева – жарандык активист. Ал дагы “Жер үй”, “Андашка” байланыштуу митингке катышкандыгы үчүн айып коюлганда өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Эдил Байсалов – укук коргоочу жана саясий ишмер. 2007-жылы шайлоо бүллетенин сүрөткө тартып алып, интернет сайтка жайгаштыргандыгы үчүн материалдык ири суммадагы зыян келтирген делип айыпталып, өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Турат Бектенов – “Пирамида” теле компаниясынын жаңылыктар кызматынын кыргыз бөлүмүнүн редактору. Өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Жогорудагы адамдар жана башка коомдук-саясий ишмерлер өлкөнүн коомдук-саяий жашоосуна активдүү катышкандыгы үчүн саясий куугунтукка алынып, кылмыш иши козголуп, ар кандай кысымга дуушар болгондугу кайрылууда көрсөтүлүп, өлкөдө адам укуктарын сактоо жана коргоо начарлап кеткендиги айтылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG