Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Абактагалырды багуу үчүн бюджеттен 414 млн. сом бөлүнөт


Бул тууралуу парлментте Адилет министринин орун басары Сергей Зубов билдирди. Анын айтымында, жалпысынан өлкө аймагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын саны 9 миңден ашуун. Алардын эки жарымы колония-посолениеде, беш миңден ашууну абактарда. “Ак жол” фракциясынан депутат Бейшенбек Абдырасаков жаза өтө жайларын башкаруу башкармалыгына бюджеттен бөлүнүүчү каражатты кыскартуу багытында эл аралык уюмдардан гранттарды, гуманитардык жардамдарды алуусун, жаза өтөө жайларында отургандарды иш менен камсыз кылып, мекеме өзүн өзү каржылоого өтүүсү керектигин сунуштады. С.Зубов өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилгендер үчүн атайын түрмө курууга эл аралык уюмдар жардам бербегендигин, жаза өтөө жайларындагыларды иш менен камсыз кылуу үчүн эки завод курулганын айтты. Жаза өтөө башкармалыгына тиешелүү маселени талкуулоо менен депутаттар өмүр бою абакка кесилген 189 адамды колонияларга жана убактылуу кармоочу жайга которуу тууралуу Адилет министрлигинин демилгесин колдоп берди. (AJ)

XS
SM
MD
LG