Өкмөттүн токтому менен республика боюнча 280 миң гектар жерге күздүк буудай, 20 миң гектар аянтка күздүк арпа себүү боюнча план кабыл алынган. Бүгүнкү күндө 209 миң гектар аянтка буудай себилип, тапшырма 75% аткарылды. Ошондой эле 9 миң га. жерге арпа себилип, план 45%ды түзүп жаткандыгын, айыл-чарба жана кайра иштетүү мнистрлигинин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскар Сагынбаев “Азаттыка” билдирди. Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустары күздүк себүүнү аяктап калышты. Чүй жана Ош аймактарынын көрсөткүчтөрү төмөн болуп, тапшырма 60-70 пайызды гана түзүүдө. "Түштүк областтарына кыш кеч келгендиктен буудайды белгиленген өлчөмдө себе алышат. Бизди азыр бир гана Чүй областы кооптондурууда. Алар белгиленген 122 миң гектардын 90 миңине гана буудай себүүгө жетише алышты. Эми дыйкандар күндүн жылышын кана күтүшүүдө”, - деди Аскар мырза.