Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

"Аль-Каида" АКШ үчүн али башкы коркунуч бойдон калууда


Бул тууралуу Вашингтондогу жыйында АКШнын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Майкл Хайден билдирди. Анын айтымында, "аль-Каида" лидери Усама бин Ладенди табуу АКШ үчүн приоритеттүү милдет болуп эсептелет. Бирок ЦРУнун башчысы белгилегендей, бин Ладен азыр көбүнесе жансактоонун гана камын көрүп, уюмдун күндөлүк иштерин башкаруудан обочодо калган. Майкл Хайдендин болжолунда, бин Ладен балким Пакистан менен Ооганстандын чегиндеги толуу аймактарда жашырынып жүрөт. ЦРУнун башчысы кошумчалагандай, акыркы кездери "ал-Каида" ишмердигин Африкада, Йеменде, Пакистанда күчөттү. Бул аралыкта Ооганстандын чыгышындагы Пактика жана Майдан Вардак провинциясыларындагы эки операция учурунда АКШ баштаган коалициянын күчтөрү "ал-Каида" менен байланышы бар деп шектелген төрт согушкерди, ошондой эле он эки талиб согушкерин жок кылганы бүгүн кабарланды. Бул маалыматты коалициянын жана Ооганстандын расмий өкүлдөрү билдиришти.

XS
SM
MD
LG