Аба ырайын иликтөөчүлөрдүн болжолуна ынансак, эртең 16-ноябрда республика аймагында ала булут каптап турат, жаан жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлерин туман басат. Бийик тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыштан салкын жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн 0....-5, күндүзү +5....+10 градус
Талас өрөөнүнүндө түнкүсүн -3....-8, кундүзү +2....+7 градус
Баткенде түнкүсүн -3....+2, күндүз 0....+5 градус
Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн -1....+4, күндүзү +4....+9 градус
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2....-7, күндүзү +4....+9 градус
Нарын жергесинде түнкүсүн -7....-12, күндүз -1....+4 градус
Бишкекте ала булут каптап турат, жаан жаабайт, туман түшөт.Туштук батыштан ылдамдыгы секундасына3-8 метрге жеткен жел жүрөт. Абанын температуурасы түнкүсүн -2....-4, күндүзү +7....+9градус.