Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Нарында Бектемир Акуновдун ашы өткөрүлүүдө


Бектемир Акуновдун уулу, коомдук парламенттин мүчөсү Урмат Акуновдун берген маалыматы боюнча, ашка «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев, өткөн жылы Оппозициялык бириккен фронттун штабын башкарган, учурдагы Нарын облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев, жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын жетекчилери чакырылган. Бирок алардын эч кимиси келип куран окутуша элек. Бектемир Акунов өткөн жылдын апрель айында Бишкек шаарында Бириккен фронт тарабынан өткөрүлгөң саясый нааразычылыкта ачкачылык жарыялап, андан соң Нарын шаарына келген убакта ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына шектүү адам катары кармалып, ошол жерден ажал тапкан. Анын өлүмүн бир катар коомдук уюмдардын, Бириккен фронттун өкүлдөрү жана маркумдун жакындары “саясый өлүм, күч колдонуу аркылуу каза тапты”, деп билдирип келишүүдө. Ырасмий бийлик жана укук коргоо органдары мындай кинелерге таптакыр макул эмес. Бектемир Акунов Нарын районундагы Орто-Нура айылында 1954-жылы туулган жана ушул айылга сөөгү өткөн жылы коюлган. (KUs)

XS
SM
MD
LG