Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Таластагы элдик жыйын “Азаттык” боюнча да өзүнчө чечим чыгарат


Бул тууралуу Революциялык кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев билдирди. Анын айтымында, учурда жер-жерлерде коомчулук эркин маалымат каражаттарын, айрыкча “Азаттык” үналгысын уга албай калышты. Ошол себептүү элдик жыйында өзүнчө пункт менен эркин маалымат каражаттарын колдоого алуу тууралуу Революциялык кыймылдын чечими чыкмакчы. “Эл бейтарап, калыс маалыматтан чектелүүдө. “Азаттыктын” жер-жерлерде угулбай жатышы элдин бүйүрүн кызытууда. Элдик жыйынга ченемсиз бут тосуулар уюштурулуп жатканы аз келгенсип, бийлик маалыматтык террор жүргүзүп жатат”,- дейт Т.Тургуналиев. (IJz)

XS
SM
MD
LG