Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Кардарлардын укуктарын коргоого байланыштуу тегерек үстөл уюштурулат


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет. Тегерек үстөлдү парламенттин Өнөр-жайды өнүктүрүү, соода, туризм, кичи жана чакан бизнес, транспорт, байланыш, курулуш жана архитектура комитети, Европа биримдигинин парламенттик долбоору жана Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү долбоору менен биргеликте уюштурууда. 18-ноябрда өтүүчү тегерек үстөлдө “Кардарлардын укуктарын коргоо жөнүндө” деп аталган мыйзамдын жаңы редакцияланган долбоору талкууланмакчы. Жаңы мыйзам долбоору өндүрүшчүлөрдүн кардарлар алдында көбүрөөк жоопкерчиликтүү болушун жана алардын иштеринин ачык жүргүзүлүшүн шарттап, ишкерлер арасында атаандаштыктын өнүгүшүнө өбөлгө болмокчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG