Ооган президенти Хамид Карзай Талибан лидери молдо Омор тынчтык сүйлөшүүлөрүнө макул болсо, ага коопсуздук кепилдиги берилээрин билдирди. Эл аралык коомчулук муну кабыл алууга тийиш, болбосо өлкөдөн чыгыш керек, - деп айтты Карзай. Талиптердин козголоңу күчөгөн сайын Кабул өкмөтү жана анын шериктери кыймылдын байистүү лидерлери менен диалог куруу мүмкүнчүлүгүн караштырышууда.