Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Электр кубаттуулугун даректүү өчүрүүлөр башталды


Электр жарыгын пайдалануу боюнча атайын бөлүнгөн чектен ашып кеткен Бишкектин райондорунда 15-ноябрдан 16-ноябрга караган түнү электр жарыгы өчүрүлдү. “Түндүк электр” акционердик коому билдиргендей, 15 күндүн ичинде борбордун бардык райондору электр жарыгын пайдаланууга бөлүнгөн өлчөмдөн ашыкча пайдаланып жиберишкен. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков 3-ноябрдан тарта республика боюнча электр жарыгын маал-маалы менен өчүрүү токтотулаарын, бирок даректүү өчүрүүлөр башталышы мүмкүндүгүн “Азаттыкка” билдирген эле. Ал эми президент Курманбек Бакиев жана өкмөт башчы И.Чудинов буга чейин электр жарыгын өчүрүүлөр 1-ноябрдан тарта токтотулат деп бир нече жолу билдиришкен болчу. (MSu)

XS
SM
MD
LG