Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Израиль премьери Ирандын өзөктүк куралына каршылык көрсөтүүгө чакырды


Израиль премьери Эхуд Ольмерт дүйнө коомчулугун Ирандын өзөктүк долбооруна жигердүү каршылык көрсөтүүгө чакырууда. Эхуд Ольмерт бул тууралуу жекшембиде Иерусалимдеги жөөт лидерлери менен болгон жолугушуусунда билдирди. “Биз Ирандын душмандык активдүүлүгүнө болгон күчүбүз менен каршы турушубуз керек”, - дейт Ольмерт. Өзөктүк жана ракеталык долбоорлорун өнүктүрүп, жөөттөрдүн мамлекетин жер менен жексен кылабыз деген Ирандын бир нече жолку коркутуп-үркүтүүлөрүнөн улам Израиль аны стретигиялык коркунуч катары кабылдайт.

XS
SM
MD
LG