Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

Тайвандын экс-президенти ооруканага жаткырылды


Тайвандын мурдакы президенти Чень Шуйбянь беш күнгө созулган ачкачылыктан улам ооруканага жаткырылды. Тайвандын экс-президенти өткөн аптанын шаршемби күнү, арам акчаны адалдаган жана паракорчулукка тиешеси бар деген айып менен камакка алынгандан кийин ачкачылык жарыялаган болчу. Чень Шуйбянь май айында президенттик тактысын өткөрүп бергенден кийинки ага каршы козголгон кылмыш иштерди төгүндөп четке кагууда. Ал Тайван мамлекетин 8 жыл жетектеген.

XS
SM
MD
LG