Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Астрономия боюнча эл аралык олимпиада өтүүдө


Бүгүн Бишкекте астрономия сабагы боюнча IV Азиялык-Тынч океандык мектеп окуучуларынын олимпиадасы бшталды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Түштүк Корея, Индонезия, Кувейт өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Билим берүү жана илим министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, олимпиада 23-ноябрда соңуна чыкмакчы. Орусиянын астрономиялык коомчулугу жана Астрономия боюнча илимий кеңешинин демилгеси менен мындай олимпиада 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG