АКШнын өнүгүү боюнча Эл аралык агенттиги бул каражатты Кыргызстандын негизги азыгы – буудайдын үрөн фондусун чыңдоо үчүн бөлдү. Бул каражатка 275 тонна күздүк буудай Орусиянын Краснодар институтунан ташылып келди. 2009-жылы ЮСАИД фермерлерди 5 миң тонна сапаттуу үрөн менен камсыздайт. Үрөн таратууну айыл чарбасын жана жер кыртышынын түшүмдүүлүгүн арттыруу боюнча эл аралык борбор (IFDC) Кыргызстандын агробизнес ассоциациясы, Кыргызстандын үрөнчүлүк ассоциаясы жана Кооперативдер Союзу биргелешип ишке ашырат. (BuS)