Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Өзбекстан: Адам укугун коргоонун азабы


Укук коргоочу Мутабар Тожибаевага ушул айда Мартин Эннал атындагы эл аралык сыйлык тапшырылат
Укук коргоочу Мутабар Тожибаевага ушул айда Мартин Эннал атындагы эл аралык сыйлык тапшырылат

Адегенде камакка алынуу, андан кийин ур-токмокко жана кыйноого, кемсинтүүгө кириптер болуу - мунун баары өзбекстандык адам укугун коргоочу активисттердин жашоо-турмушу үчүн мүнөздүү көрүнүш. Бирок адам укугун коргоочулуктун азап-тозогуна карабай, алар өз ишмердигин улантып жатышат.

Өзбекстандык таанымал укук коргоочулардын бири, 45 жаштагы Мутабар Тожибаева Ташкенттин абагынан чыкканына алты айдын жүзү болуп калды. Ал учурда Германияда дарыланууда. "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун өзбек кызматына берген интервьюсунда Тожибаева абактан көргөн азаптары, өзгөчө өзү жалгыз бир камерада отурган күндөрү али түшүнө кирип жатканын айтат:

- Мисалы азыр деле бир нерсеге бир аз капа болсом же кичине сыркоолоп калсам, түндө түшүмө түрмө кирет. Уктай албай чыгам. Түн ортосунда ойгонум кетем. Көзүм бир аз жумулса, кайра эле ошол түш уланат. Эмне үчүн? Анткени өзбек түрмөлөрүндө аялдар ар убак ачка, кордоого жана кемсинтүүгө дуушар болушат.

Мутабар Тожибаева 2005-жылы президент Ислам Каримовдун өкмөтүн Анжиян шаарындагы кан төгүү үчүн ачык айыптап чыккан эле. Ушул окуядан көп өтпөй эле камакка алынган. Акыр-аягында жалпысынан 17 айып, анын ичинде салык төлөөдөн качкан, жалган жалаа жапкан, мыйзамсыз уюмдун мүчөсү болгон деген жүйөө менен 8 жылга түрмөгө кесилди.

Тожибаеванын айтымында, ал абактагы 970 күндүн 112син караңгы жана муздак камерада өзү жалгыз өткөрдү. Бул аял кишинин саламаттыгына доо кетирбей койгон жок.

Ал быйыл июнда жаза мөөнөтүнүн үч жылын өтөп бүткөн соң, саламаттыгына байланыштуу бошотулду. Бирок укук коргоочуга мунапыс берилген жок, жаза мөөнөттүн дагы үч жылын шарттуу түрдө өтөөсү керек. Июнда абактан чыккан соң "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда ал өзбек түрмөлөрүн "кыйноо аралына окшош" деп атаган эле. 2006-жылы психиатриялык ооруканага жаткырылып, күч дарыландырууну да баштан кечирген.

Укук коргоочу Мутабар Тожибаеванын тагдыры өзбекстандык ондогон активисттер үчүн мүнөздүү көрүнүш. Адам укугун коргоп чыккандардын же өкмөттү сындагандардын өмүрү түрмөдө уланат. Түрмөдө болсо ур-токмок менен кыйноо, күндөлүк көрүнүш катары эсептелинет.

Өзбекстандык диссидент акын Юсуф Жума азыр жаза мөөнөтүн Каракалпакстандагы айтылуу Жазлык түрмөсүндө өтөөдө. Акындын жубайы Гүлнара Олтиева "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун өзбек кызматына өткөн аптада буларды билдирди:

- Кызым Феруза 6-8-ноябрь күндөрү Жазлыкка барып, атасы менен жолугуптур. Атабыздын акыбалы абдан оор. "Сен президенттин душманысың, сага мунапыс берилбейт,бул жерден өлүгүң чыгат, беш жыл ушул жерде жатасың",- деп ары-бери өткөндө токмоктошот, кыйнашат экен. Ыр жазгаң колдоруң ушулбу деп, колдоруна урушкан. Колдорунун тырмактары карайып кеткен. Буттарынын тырмактары да карайып кеткен. Көкүрөгү шишиген, башы да жабырланган, буту менен жакшы баса албайт экен, катуу келтек жеген.

Элүү жаштагы акын Юсуф Жума былтыр декабрь айында Бухара шаарында уулдарынын бири менен президент Ислам Каримовдун кайра шайлануусуна каршы нааразылык акциясына ачык чыккан эле. Ушундан кийин камалып, уруксат берилбеген митинг өткөрдү деген айып менен беш жылга соттолгон.

Башкеңсеси Парижде жайгашкан Чек арасыз кабарчылар уюмунун Евразия боюнча бөлүмүнүн башчысы Елса Видалдын көз карашында, кыйноого кириптер болуу же психатриялык ооруканага түшүп калуу коркунучуна карабай, ишин улунтып жаткан өзбекстандык активисттер "мекениндеги адам укугун бузууларга күбө болгон, буга каршы бир несе жасоону өзүнүн вазийпасы" деп эсептеген карапайым адамдар:

- Алар өзүлөрүн добушун чыгарууга жана өлкөсүнүн тагдырын өзгөртүүгө милдеткер деп эсептеген эркин жарандар.

Өзбек бийликтери болсо түрмөдөгү кыйноолор тууралуу ырастоолорду толук моюнга алышпайт, алган күндө муну мамлекеттик саясат катары эсептешпейт. Быйыл Еврошаркеттин басымы астында адам укук коргоочу актвисттердин бир нечесин абактан бошотту. Алардын арасында биз сөз башында айткан Мутабар Тожибаева да бар.

Ал ушул айдын соңунда адам укугун коргоочу он уюмдун Мартин Эннал атындагы абройлуу сыйлыгын алмакчы. Бирок Мутабаеванын айтымында, ал Европада көпкө калбайт. Германиядагы дарылануусу аяктаган соң мекенине кайтып, укук коргоочулугун улантат.

Ондогон активисттер али түрмөдө кала берүүдө. Быйыл октябрда, Еврошаркет Өзбекстанга Анжиян окуясынан кийин киргизилген санкциялардын айрымдарын жойгондон кийин да Каракалпакстанда Азам Тургунов аттуу таанымал укук коргоочу он жылга кесилди. Өзбек оппозициясынын айрым активисттери муну расмий Ташкенттин Еврошаркетке "белеги" катары мүнөздөшкөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG