Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Ирак парламенти коопсуздук келишимдин долбоорун карай баштады


Ирак парламенти АКШ менен коопсуздук жөнүндөгү келишимдин долбоорун карай баштады. Келишимге жетишүү үчүн Багдад менен Вашингтон бир топ кыйын-кычыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Келишимдин долбоору жекшембиде, өкмөттүн чукул чакырылган жыйынында 28 добуш менен кабыл алынды. Эми документ парламентте бекитилген соң күчүнө кирет. Депутаттар ошол эле күнү долбоорду кароого киришти, эмдиги аптанын башында алар добуш беришет. Жаңы келишим АКШ аскерлерине Иракта дагы үч жыл калганга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда алар келээрки жылдын жайына чейин өлкөнүн баардык шаарларынан жана кыштактарынан чыгарылып, атайын базаларга жайгаштырылышы керек. Иракта АКШнын 150 миң аскери бар. Контингент БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мандаты менен киргизилген. Мандаттын мөөнөтү 2009-жылдын 1-январында бүтөт.

XS
SM
MD
LG