Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Таластагы Элдик жыйын бийликти алуунун жолун тандоодо


Бул тууралуу “Азаттыктын” Таластагы кабарчысы Жаннат Токтосунова маалымдады. Маалыматка караганда Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров жыйындын катышуучуларына президент Курманбек Бакиев башында турган бийликти революциялык жол менен же шайлоо жолу менен кетирүү тууралуу эки сунушту берди. Кабарчынын билдиргенине караганда ушу тапта сөз алгандардын көпчүлүгү бийликти ыңкылап жолу менен алмаштыруу керек деп жатат. Бекназаров жыйында кыймылдын лидерлери өлкөнүн жети облусун жана эки шаарын кыдырып, бийлик алмаштыруунун жолу тууралуу пикирин уккандан кийин андан кийинки аракеттерди жасарын билдирди. Байкоочулар Элдик жыйын өтүп жаткан Таластагы стадионго чогулгандардын саны 1,5 миң киши деп санашууда. Тартип коргоо кызматтары жыйынга байланыштуу маалымат берүүнү каалашкан жери жок. “Азаттыктын” жергиликтүү кабарчыларынын маалыматтары боюнча жыйынга милициянын жана коопсуздук комитетинин жергиликтүү кызматкерлери байкоо жүргүзүп жатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG